Абай облусунда 2028-жылга чейин ишке ашырыла турган 24 инвестициялык долбоорлордун тизмеси түзүлдү. Бул демилгелердин жалпы баасы 2,2 триллион теңгени түзөт. Алардын 6сын быйыл ишке киргизүү пландалууда. Облус жетекчиси президентке аймактын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берип, мындан аркы өнүгүү планы менен тааныштырды. Берик Уали ошондой эле социалдык объектилердин жана коммуналдык инфраструктуранын абалы тууралуу айтып берди. «Ыңгайлуу мектеп» улуттук долбоорунун алкагында 5 объекттин жана мектеп окуучуларынын сарайынын курулушу башталды. Облус борборундагы асма көпүрөнү жаңылоо боюнча долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгып, Иртыш дарыясы аркылуу дагы бир көпүрө курулуп жатат. Семейде айланма жолдун курулуш жагы иштелип жатат. Касым-Жомарт Токаев облус акимине өкмөт менен биргеликте аймакты динамикалуу өнүктүрүүнүн жолдорун карап чыгууну жана актуалдуу маселелерди этап-этабы менен чечүүнү тапшырды. Ошондой эле, Абайдын 180 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды татыктуу уюштуруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

