Президент К. Токаев  ири IT бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту

Президент К. Токаев  ири IT бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту

Мамлекет башчысы IT бизнестин ири өкүлдөрү менен жолугушту. Алар Digital Bridge форумунун катышуучулары. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын масштабын талкуулашты. Натыйжада Казакстанда жасалма интеллектти өнүктүрүү жана тармактык адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл болгон эсептөөчү кубаттуулуктун хабын түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев жана Presight мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Томас Прамотедхам менен жолугушууда белгилүү болду. Учурда бул багытта «Самрук-Казына» менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ал эми SpaceXтин Starlink маселелери боюнча вице-президенти Лорен Дрейер өлкөнүн президенти жана компаниянын Казакстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү планы менен бөлүштү. Ал өлкөнүн алыскы айылдарын спутниктик интернет менен камсыздоо долбоору тууралуу айтып берди.

Касым-Жомарт Токаев америкалык компаниянын жана Дрейпер университетинин негиздөөчүсү Тим Дрейпер менен стартап индустриясын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Президент Казакстанда венчурдук капитал рыногун түзүү үчүн бекем институционалдык, укуктук жана каржылык база түзүлүп жатканына көңүл бурду. Ошондой эле, белгилүү Meet the Drapers реалити-шоусунун бир эпизодун Казакстанда тартуу тууралуу демилгесин кубаттады.

Буга ошумча, Мамлекет башчысы TikTok компаниясынын башкы мүдүрү менен да жолукту. Тараптар популярдуу платформа аркылуу Казакстандын маданиятын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк деңгээлде жайылтуу маселелерин талкуулашты. Шоу Чу Astana Hub менен бирге TikTok StartUp Academy долбоорун ишке ашырып жатканын айтты. Бул казакстандык стартаптар үчүн эксклюзивдүү билим берүү программасы болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков