Мамлекет башчысы Экибастуз ЖЭБги оңдоо иштерин сапаттуу жана убактысында аяктоону тапшырды

Мамлекет башчысы Экибастуз ЖЭБги оңдоо иштерин сапаттуу жана убактысында аяктоону тапшырды

Мамлекет башчысы Экибастуз ЖЭБги оңдоо иштерин сапаттуу жана убактысында аяктоону тапшырды

Мамлекет башчысынын Павлодар облусуна болгон жумушчу сапары Экибастуз ЖЭБнен башталды. Касым-Жомарт Токаев мекемеде жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты. Быйыл аталган борборду оңдоого Өкмөттүн бюджетинен 7 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Бул жердеги 10 жылытуучу от казандын бешөө толугу менен мамлекеттин менчигине өткөн. Ошол эле учурда 55 чакырым жылуулук магистралы жаңыланууда. Бул үчүн өкмөттүн резервинен 9 миллиард теңге каражат бөлүнгөн. Жалпысынан облустук акимчиликтин маалыматында, Экибастузда катастрофалык кырдаалдын алдын алуу үчүн эки долбоорду ишке ашыруу абдан зарыл. Биринчи долбоор – Экибастуз ГЭСин техникалык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуучу магистралдык түтүктү куруу. Экинчиси, жаңы жылуулук магистралынын курулушу. Бул шаардын төрт кичи районундагы жылуулук системасынын тең салмактуулугун камсыздап, 9 миңден ашык жашоочуну жылуулук менен камсыздоонун параметрлерин бир топ жакшыртат. Мамлекет башчысы бул иштер тыкыр көзөмөлгө алынарын эскертип, оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасын берди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

Бул Өкмөттүн жана бардык акимдердин милдети. Өлкөбүздүн тургундарына жана жарандарына кышкы кырдаалдар кезинде түшүнүүчүлүк жана чыдамкайлык көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Бирок чыдамдын чеги болот, биз аны колдоно албайбыз. Ошондуктан биз бардык тиешелүү чараларды көрөбүз.

Ошол эле учурда президент Касым-Жомарт Токаев жаңы экономикалык моделге өтүү зарылдыгын билдирди. Мамлекет башчысы өлкөнүн экономикалык саясаты боюнча көз карашын аяк оона айында жарыялана турган Казакстан элине кайрылуусунда баяндамакчы.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

Биз таптакыр жаңы багытка өтүү үчүн Казакстандын экономикасынын өнүгүшүнө жаңы дем беришибиз керек. Маанилүү тарыхый учур келди. Ошондуктан Казакстандын экономикасы азыркы деңгээлде кала албайт. Ушундай болоруна ишенем. Өкмөттүн милдети - тиешелүү сунуштарды киргизүү. Бул биринчи. Экинчиден, бул сунуштар боюнча даярдалган пландардын аткарылышына кепилдик берүү. Бирок мен жаңы экономикалык моделди ишке ашыруу жана даярдоо боюнча оюмду жашырбайм. Элибиздин татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү концепциясына карата биздин позициябызга түздөн-түз байланыштуу. Радикалдуу чечимдерсиз муну жеңүү кыйын. Өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө жаңы дем берүүгө багытталган бул өтө маанилүү ишти биз биргелешип башташыбыз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков