Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын судьяларынын ІХ сьездине катышты

Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын судьяларынын ІХ сьездине сөз сүйлөдү. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген судьялар, борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк серепчилер катышты. Мамлекет башчысы соттордун ишин мындан ары жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу милдеттерге көңүл бурду. Касым-Жомарт Токаевдин пикири боюнча, сот адилеттигине жетүүдө соттордун чечимдерине кассациялык тартипте даттанууга мүмкүндүк берүү маанилүү. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Үстүбүздөгү жылдын теке айында кылмыш, жарандык жана администрациялык иштер боюнча 3 өз алдынча кассациялык сотторду түзүүнү караган мыйзамга кол койдум. Жаңы соттор өз ишин 2025-жылдын теке айынын 1нен башташы керек. Азыр бул үчүн зарыл болгон бардык даярдык иштерин жүргүзүү маанилүү. Кассациялык соттордун кадрдык курамы кыйла тажрыйбалуу судьялардын ичинен түзүлүшү керек. Кассациялык соттордун өз алдынчалыгы биздин жарандар үчүн Сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн кыйла кеңейтет жана инвестиция,бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртат.

Кийинки артыкчылык-тармакты санариптештирүүнү улантуу. Бул тенденция жарандардын жараянга катышуусун кыйла жеңилдетип, соттун ишмердүүлүгүнүн максималдуу ачыктыгын камсыз кылды. Президент өнөр жай алдыңкы технологияларды жана жасалма интеллектти кеңири колдонушу керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, сот жараянын аралыктан жүргүзүү жана онлайн көрсөтүү оптималдуу тенденция экендигин көрсөттү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Быйыл биринчи жолу сот отурумдарын онлайн форматта көрсөтүү башталды. Мындай видео режимде буга чейин эки сот процесси болгон. Миллиондогон адамдардын көз алдында сот иштери мүмкүн болушунча ачык жүргүзүлдү. Бул жаңылык коомчулуктун сот системасына болгон ишенимин бекемдеп, судьяларга жана айыптоочуларга карата талаптардын күчөшүнө алып келет деп эсептейм. Сотко катышкан тараптар өз позицияларын жана сунуштарын ачык айта алышат. Мындай оң тажрыйба сот отурумдарынын жүрүшүндө колдонулууга тийиш.

Жыйынтыгында Мамлекет башчысы судьялардын жаңы Этикалык кодексинин кабыл алынышын колдоду. Бул документ сот тартибинде жогорку стандарттарды бекемдеп, коомчулуктун сот тутумуна болгон ишенимин арттырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков