БШК: Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,31% добушун алды

БШК: Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,31% добушун алды

Кезексиз президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,31% добушун алды. Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы саясий өнөктүктүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Комиссиянын төрагасы Нурлан Абдировдун айтымында, 8 миллион 300 миң казакстандык  жарандык позициясын аткарды. Учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевге 6 миллиондон ашуун шайлоочу добуш берди. Талапкер Жигули Дайрабаев 271 миңден ашуун адамдын колдоосуна ээ болду. Кийинки орунга 206 миң добуш менен Каракат Абден келди. Мейрам Кажыкенге 200 миңден ашуун, Нурлан Ауесбаевге 176 миңден ашык, ал эми Салтанат Турсынбековага 168 миңден ашуун добуш берген. «Баарына каршы» графасын шайлоочулардын 5,8% же 460 миң 484 адам тандаган.

Нурлан Абдиров, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:

Добуш берүү күнү Казакстан Республикасынын президенттигине талапкерлердин 11 миңден ашык ишенимдүү өкүлү, чет мамлекеттердин эл аралык уюмдарынан 641, саясий партиялардан 15 миң 500, коомдук бирикмелерден 30 миңден ашык байкоочу шайлоонун жүрүшүнө көз салды. Шайлоо участкаларына Казакстандын 1225 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, 23 өлкөдөн 41 чет элдик ЖМКнын аккредитацияланган журналисттери катышып, шайлоонун жүрүшүн коомчулукка жарыялап турушту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков