Токаевдин Германия компанияларынын жетекчилери менен жолугушуулары

Токаевдин Германия компанияларынын жетекчилери менен жолугушуулары

Казакстандын президенти Берлинде Mercedes-Benz Group компаниясынын төрагасы Ола Каллениус менен болгон жолугушууда автоунаа өнөр жайы жана инновациялык чечимдер тармагындагы кызматташтык дараметин талкуулады. Касым-Жомарт Токаев Казакстан экономиканы ар тараптандырууга жана өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө умтулуп жатканын белгиледи. Бул стратегияда унаа жасоо тармагы өзгөчө орунду ээлейт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-Учурда өлкөдө General Electric, General Motors, Chevrolet, Kia, Hyundai сыяктуу дүйнөлүк белгилүү компаниялар ийгиликтүү иштеп жатат. Былтыр Казакстанда өндүрүлгөн автоунаалардын саны 100 миңден ашып, 28 пайызга өстү.  Экспорт эки эсеге өсүп, 3,8 миллиард долларга жетти.

Өз кезегинде немис автоконцернинин жетекчиси компаниянын глобалдык жеткирүү чынжырын өнүктүрүүнүн жаңы ыкмалары жана Казакстандын экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди. Ал эми Linde компаниясынын Жакынкы Чыгыш, Европа жана Африка боюнча вице-президенти Оливер Пфанн менен жолугушууда мамлекет башчысы Казакстан мунай жана газ химиясы тармагындагы дараметин жогорулатууга кызыкдар экенин билдирди. Германиянын ири концерни бул багытта технологиялык өнөктөш болууга даяр. Жолугушууда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-«КазМунайГаз» УК жана «Linde GEMBEH» ортосундагы кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын кубаттайм. Бул келишимге ылайык, өлкөнүн мунай жана газ химиясы тармагындагы учурдагы жана келечектеги долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Жалпысынан биз компаниянын Казакстандын экономикасына кошкон салымын жогору баалайбыз. Биз мындан ары кызматташуубузду чыңдоого даярбыз.

Жолугушуунун жүрүшүндө Германия тараптын Казакстанда заманбап полиэтилен өндүрүшүн түзүүгө катышуусу гана эмес, кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна карбамид өндүрүү долбооруна биргелешип инвестиция салууга даярдыгы тууралуу сөз болду. Касым-Жомарт Токаев бул өндүрүш бир гана мунай-химия тармагын өнүктүрүү үчүн эмес, айыл чарбасы үчүн да маанилүү экенин, өзгөчө жер семирткич күрүч жана дан эгиндерин өстүрүүдө кеңири колдонулганын белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекет башчынын Siemens AG компаниясынын башкарма төрагасы Роланд Буш менен жолугушуусунда өнөр жай, энергетика, унаа жасоо жана санариптештирүү тармактарында өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ал эми Bayer AG компаниясынын фармацевтика багытынын башчысы Стефан Олрих менен жолугушууда саламаттыкты сактоо, туруктуу айыл чарба жана илимий изилдөө тармактарында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков

 

ТЕГИ: Токаев, Германия, бизнес компаниялар

 

«лИнде ГЭЭмБЭэх»