Конституция – Казакстандын эгемендүүлүгүнүн жана ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи

Конституция – Казакстандын эгемендүүлүгүнүн жана ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи

Казакстан Конституциянын мааракесин белгиледи. Астанада юристтерди, саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди чогулткан масштабдуу илимий-практикалык конференция өттү. Казакстандыктарга мамлекет башчысы кайрылды. Касым-Жомарт Токаев Баш мыйзамдын көз карандысыздыкты бекемдөөдөгү, адилеттүүлүк, ачык-айкындуулук, отчеттуулук жана жоопкерчилик принциптерин бекитүүдөгү ролун баса белгиледи. 30 жыл ичинде негизги мыйзамга алты жолу өзгөртүүлөр киргизилген, бирок 2022-жылдагы реформа негизги болуп калды. Казакстан суперпрезиденттик башкаруу моделинен баш тартты, ал эми жарандар биринчи жолу өлкөнүн тагдырындагы эң маанилүү чечимдерди референдумдар аркылуу өз алдынча кабыл ала башташты. Президенттин жакын туугандары мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды ээлей алышпайт. Казакстандыктар айылдык акимдерди шайлай башташты, ал эми ушул жылдан баштап райондордун жана шаарлардын башчыларын шайлашат. Конституциялык Сот түзүлдү. Мындан тышкары, адам укуктарын коргоону күчөтүүчү, укук коргоо органдарынын ишине көзөмөлдү күчөтүүчү, кылмыш процесстерин гумандаштыруучу кабыл алынган мыйзамдар казакстандыктардын сот системасына болгон ишенимин арттырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биздин Баш мыйзамыбыз жер жана бардык жаратылыш ресурстары элге таандык деп жарыялайт. Менин тапшырмам боюнча «Улуттук фонд – балдарга» программасы иштелип чыкты, ал эми Фонддун жылдык инвестициялык кирешесинин жарымы балдардын атайын топтоо эсептерине которулат. Өткөн жылдан бери Улуттук фонддон 1,5 миллиард доллардан ашык каражат бөлүндү. Бул өсүп келе жаткан муунга келечегине ишеним бере турган өтө маанилүү долбоор.

Которгон: Илгиз Жамалбеков