Президент Алматы шаарынын акими Ерболат Досаевди кабыл алды

Президент Алматы шаарынын акими Ерболат Досаевди кабыл алды

Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев менен Ерболат Досаев жолугушуусунда белгилүү болду. Алматынын акими шаардын 2040-жылга чейинки жаңы башкы планы, ошондой эле шаардын ичинде жашыл коридорлорду түзүү жана 2040-жылга чейин Дүйнөлүк банк менен биргеликте иштелип жаткан иш-чаралардын планы менен Алматы өнөр жай аймагында автоунаа  кластерин түзүү боюнча маалымат берди. Ошондой эле, президент Алматы шаарынын социалдык-экономикалык абалы тууралуу докладды укту.

Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын бирдин айында шаардын кыска мөөнөттүү экономикалык көрсөткүчү ишкердик жигердүүлүктүк өсүшүнөн улам дээрлик 137 пайызга өскөн. Негизги капиталга инвестициянын көлөмү 22 пайызга өстү. Экономиканын өнүгүү темпи сооданын, транспорттун жана кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү менен камсыз кылынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков