Казакстан аймакта биринчилерден болуп жасалма жамгыр технологиясын киргизди

Казакстан аймакта биринчилерден болуп жасалма жамгыр технологиясын киргизди

Президент Касым-Жомарт Токаев БУУнун Дүйнөлүк метеорологиялык уюмунун башкы мүдүрү жана Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук метеорологиялык борборунун башкы мудүру Абдулла Аль-Мандус менен Казакстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулады. Түркестан аймагында суу сактагычтардын толтуруу деңгээлин жогорулатуу жана айыл чарба аймактарын суу менен камсыз кылуу үчүн жаан-чачынды жасалма жол менен пайда кылуу долбоору пландаштырылууда. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук метеорологиялык борбору менен биргеликте ишке ашырылууда. Биргелешкен долбоордун толук ишке кириши бугу айынын 17не мерчемделип жатат. Жолугушууда тараптар эрте эскертүү системаларын өнүктүрүүгө, метеорологиялык инфраструктураны модернизациялоого жана илимий маалыматтар менен алмашууну кеңейтүүгө көңүл бурушту.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков