Казакстан SOVICO Group вьетнам конгломератынын инвестициялык ишмердүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даяр. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев компаниянын башкарма төрагасы менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, аталган чаралар Казакстан менен Вьетнамдын бизнес мамилелерин активдештирүүгө шарт түзөт. Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт-логистика, каржы жана тоо-кен тармагы боюнча кызматташуунун келечектүү багыттары каралды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков