Казакстан Мажилиси төрт конституциялык мыйзам долбоорун ишке алды

Казакстан Мажилиси төрт конституциялык мыйзам долбоорун ишке алды

Мажилис жаңы Конституцияны ишке ашырууга багытталган төрт мыйзам долбоорун кабыл алды. Алардын арасында мамлекет башчысынын укуктук макамын аныктаган жана вице-президент кызматын киргизүүнү караган «Казакстан Республикасынын Президенти жөнүндө» мыйзам долбоору бар. Депутаттар ошондой эле Курултай жана анын мүчөлөрүнүн макамы тууралуу документти карашат. Мыйзам долбоору бир палаталуу Парламенттин ишин юридикалык жактан жөнгө салууга багытталган. Дагы бир мыйзам долбоору борбор калаанын макамына тиешелүү — ал Астананын башкаруу өзгөчөлүктөрүн, маслихаттын жана акимчиликтин ыйгарым укуктарын, ошондой эле шаар курулушу, транспорт жана миграция маселелерин бекитет. Андан тышкары, өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшү боюнча Конституциялык мыйзамдын долбоору кароого кабыл алынды.


Снежанна Имашева, Парламент Мажилисинин депутаты:


– Бул мыйзамдар эки палатанын - Мажилистин жана Сенаттын депутаттарынан турган комиссия тарабынан каралат жана биринчи окуу бугу айына, андан кийин экинчи окууга пландаштырылган. Мыйзам долбоорлору биздин веб-сайтта жарыяланат жана адаттагыдай эле жарандар өз сунуштарын бере алышат 

Которгон: Илгиз Жамалбеков