Мамлекет башчысы БУУнун Баш катчысынын орун басары Владимир Вороновду кабыл алды

Мамлекет башчысы БУУнун Баш катчысынын орун басары Владимир Вороновду кабыл алды

Казакстан БУУнун кеңири масштабдагы ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук жана кызматташтык боюнча Борбор Азия форумуна катышкан Бириккен Улуттар Уюмунун делегациясы менен жолугушууда билдирди. БУУнун Башкы катчысынын орун басары, Терроризмге каршы департаментинин башчысы Владимир Воронков жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Терроризмге каршы комитетинин өкүлү Наталья Герман менен жолугушууда, БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоо көйгөйлөрү, ошондой эле аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, террордук коркунучтарга каршы туруу маселелери талкууланды. БУУнун өкүлдөрү Казакстандын бул жааттагы аракеттерин жогору баалап, өлкө терроризмге каршы күрөштө лидерлердин бири экенин белгилешти.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

Казакстан Бириккен Улуттардын Уюмунун Уставын толук колдойт. Мен бул тууралуу бардык эл аралык иш-чараларда дайыма айтам. Бириккен Улуттардын Уюмуна мүчө болгон бардык башка мамлекеттер Уюмдун Уставында белгиленген принциптерди кыйшаюусуз сактоого тийиш деп эсептейм. БУУ Казакстан үчүн теңдешсиз жана универсалдуу эл аралык уюм. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ар бири анын ишмердүүлүгүн жакшыртууга салым кошуусу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков