Президент Алматынын акимин кабыл алды

Президент Алматынын акимин кабыл алды

Жыл башынан бери Алматынын экономикасына бир жарым триллион теңгеден ашык инвестиция тартылды. Негизги капиталга салынган инвестициялардын жалпы көлөмү 20%га, жеке инвестициялар 30%га өстү. Өткөн 11 айдын ичинде кыска мөөнөттүү экономикалык көрсөткүч 13% артты. Жалпысынан ири шаардын экономикалык өсүшү 6,5% деңгээлинде болору күтүлүүдө. Касым-Жомарт Токаевге Алматынын акими шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ерболат Досаев мегаполистеги жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча да баяндады. 25 чакырым жаңы жол салынып, 200 чакырымда оңдоо иштери жүргүзүлдү. Президенттин шаарды жашылдандыруу боюнча тапшырмасынын аткарылышы өзгөчө көзөмөлдө. Бул жаатта Алматыдагы сейил бактардын аймагы 400 гектарга кеңейди. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев мегаполис экономикасын мындан ары ар тараптандыруу, инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо чараларын күчөтүү жана транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков