Казакстан менен Франция 36 документке кол койду

Касым-Жомарт Токаев менен Эммануэль Макрон Франциянын Елисей сарайында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Астана менен Париждин ортосунда активдүү жана ишенимдүү саясий диалог түзүлгөн. Мамлекет башчысынын бул сапары стратегиялык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарары шексиз. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биргелешкен билдирүү жасашты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 4,2 миллиард долларга жетти. Ал эми быйыл бул көрсөткүч 9 айда байкалды. Франция өлкөнүн алтынчы ири инвестору. Француз компаниялары Казакстанга олуттуу каражат салышты. Анын көлөмү 19,5 миллиард долларга жакындады. Атап айтканда, Alstom, Total Energies, Air Liquide, Orano, Vicat, Danone, Lactalis сыяктуу гигант компаниялар. Мунайгаз, тоо-кен, өнөр жай, курулуш, авиация, унаа жасоо, саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташтык өнүгүп келүүдө.

Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, тараптар «жашыл» энергетикага, сейрек кездешкен чийки заттарга, климат, суу чарбасына, инновацияларга жана жасалма интеллект тармагына басым жасады. Казакстан өз рыногунда иштөөгө ниеттенген француз компаниялары үчүн тартымдуу шарттарды түзүүгө даяр. Учурда агроөнөр жай комплекси, саламаттыкты сактоо, каржы жана туризм чөйрөсүндө жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, тараптар илим жана технология багыты боюнча кызматташууга ар дайым ачык.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Быйыл Абай атындагы Казак Улуттук педагогикалык университетинде Лотарингия университетинин филиалы ачылат. Учурда эки тарап тең «Люмьер» казак-француз университет борборун түзүү маселесин карап жатышат. Мындан тышкары Астана жана Алматы шаарларында казак-француз мектептери курулат. Бүгүн тиешелүү документтерге кол коюлду. Бул мектептер, албетте, жаштарга эң жогорку деңгээлде билим алууга мүмкүнчүлүк берген борборго айланары шексиз. Казакстан Франциянын Жогорку окуу жайлары жана изилдөө борборлору менен мамилени чыңдоого даяр.

Эки өлкөнүн президенттери стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары активдештирүүгө багытталган биргелешкен декларация кабыл алышты. Касым-Жомарт Токаевдин Парижге болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү тарабынан жалпысынан 36 документке кол коюлду. Анын ичинен жалпы суммасы 2,2 миллиард долларды түзгөн 1 өкмөттөр аралык, 21 мекемелер аралык жана 14 соода келишим бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков