Казакстанда илимпоздордун жана серепчилердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү мерчемделүүдө. Ошондой эле, илимий изилдөөчүлөр үчүн мамлекеттик стипендия каралып жатат. Мындай ченемдер бүгүн Сенатта кабыл алынган илим жөнүндөгү мыйзам долбоорунда камтылган. Инновациялардын катарына коммерциялаштыруунун натыйжаларын легалдаштыруу, илимий долбоорлорду колдоо механизмин өркүндөтүү, Мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза улуттук борборунун компетенциясын кеңейтүү кирет. Документте каралган ушул жана башка жаңылыктар ата мекендик илимдин өлкөнүн экономикасында үлүшүн көбөйтүүгө, ошондой эле, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет, деп ишенишет сенаторлор. Алардын айтымында, документте жалпысынан 77 пунктка өзгөртүү киргизилген. Ал Сенаттын биринчи окуусунда жактырылды.
Ахылбек Куришбаев , Казакстандын Парламент Сенатынын депутаты:
- Биздин статистикага ылайык, 2019-жылы Казакстанда инновациялык өнүмдүн көлөмү өлкөнүн ИДӨнүн 1,6% гана түздү. Албетте, негизги себеп илимге жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүгүндө. Бул мыйзам долбоору Билим берүү жана илим министрлигинин тармактар аралык координациясын күчөтүп жаткандыгына кубанычтамын. Бирок тилекке каршы, илим жаатында азырынча чоң системалык өзгөрүүлөр байкала элек. Билим берүү жана илим министринен өлкөдө жогорку сапаттагы илимий дараметти калыптандыруу үчүн илимди өнүктүрүүдөгү жогоруда айтылган артыкчылыктуу милдеттерге көңүл бурушун суранам.