АКШ Казакстанга бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү системасын берди

АКШ Казакстанга алдыңкы үлгүдөгү серверлерди белек кылды. Жогорку өндүрүмдүүлүктөгү компьютердик жабдуулар өлкөнүн тышкы соодасын өнүктүрүүгө дем берет. Жаңы «Keden» системасы бажылык тариздөө убактысын кыскартат жана автоматташтырууну, машинаны үйрөнүүнү жана жасалма интеллектти колдонуу менен маалыматтардын коопсуздугун жогорулатат. Заманбап сервер «Астана-1» тутумун алмаштырат. Инновациялык технологияларды киргизүү бажы процесстерин кеңейтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берет, - дешет адистер. Башкалардан алыстыкты оптималдаштырууга багытталган жаңы система биздин өлкөгө инвесторлорду тартуу үчүн шарттарды түзөт.

Дэниел Розенблюм, АКШнын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Бул долбоор Казакстандын ички жана коңшу мамлекеттер менен соодасын пайдалуу кылып, чыгымдарды бир аз азайтат деп ишенебиз. Натыйжада бул Казакстандын дүң товар айланымынын олуттуу көбөйүшүнө алып келери шексиз.  Бул АКШ үчүн гана эмес, өлкөнүн  өз ара соода жүргүзүүдөн пайда ала турган, жалпы эле Казакстандын бардык соода өнөктөштөрү үчүн да абдан маанилүү долбоор. Бул система Казакстанга өзүнүн тышкы соодасын диверсификациялоого жана ар кандай багыттарда өзүнүн потенциалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков