Казакстандын президенти Бүткүл дүйнөлүк таеквондо федерациясынын башчысын кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев Чунгвон Чоунун сапарын өлкөнүн спорттук коомчулугу үчүн маанилүү окуя деп атап, Астанада G1 категориясындагы Kazakhstan Open 2025 турнирин өткөрүү ата мекендик спортчулардын өсүшү жана улуттук федерациянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгиледи. Өз кезегинде Чунгвон Чоу казакстандык спортчуларды жогору баалады. Ал II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды жана Казакстандын президентине тогузунчу дан кара курун тапшырды.
Которгон: Назира Бегалиева

