Бугу айынын 7де Казакстандын борборунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Мекенди коргоочулар күнүнө арналган аскердик парад өтөт. Бул масштабдуу иш-чарага 4,5 миң адам катышат. Салт боюнча аянтта аскерлердин салтанаттуу сап түзүлүү жүрүшү өтөт. Аскердик авиациянын объекттери абада калкып, Куралдуу Күчтөрдүн техникасынын парады уюштурулат. Быйылкы параддын өзгөчөлүгү-катышуучулар согуш жылдарындагы аскердик форма кийип, ошол мезгилде Казакстандын аймагында түзүлгөн аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн тууларын көтөрүп чыгат. Алдыдагы салтанаттуу иш-чарага Улуттук гвардиядан 400 аскер кызматкери жана 17 аскер техникасы катышат. Учурда алар катуу даярдык үстүндө.
Дильшат Исламов, Ардактуу кароол ротасынын жоокери:
- Мен үчүн мындай маанилүү иш – чарага, парадга катышуу чоң сыймык. Ар бир жоокер, ар бир аскер кызматкери үчүн абройлуу милдет деп ойлойм. Биз бул күнгө талыкпай даярданып, болгон күчүбүздү жумшайбыз. Мындай масштабдуу парадга тизилүү биз үчүн чоң жоопкерчилик.
Баглан Кудияр, Ардактуу кароол ротасынын бөлүм командири:
- Бул аскердик парадда мага Казакстан Республикасынын Улуттук гвардиясынын желегин көтөрүү сыймыгы берилди. Бул аскердик парад жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Машыгуулар жогорку деңгээлде жана интенсивдүү жүрөт. Бул аскердик парадга катышуу мен үчүн чоң бакыт. Ага даярдыгыбыз бир ай мурун башталды, дагы алдыбызда үч ай бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

