Жыл башынан бери парламенттин
жогорку палатасында 102 мыйзам каралды. Алардын баары өлкөнүн саясий жана
туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган. Сенаторлор
жаңы Бюджеттик жана Салык, ошондой эле Суу кодекстерин жактырышкан.
Ошондой эле алар Өкмөткө 130дан ашык депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүштү. Депутаттар
өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон санариптик чөйрөгө да
көңүл бурушту. Санариптик кодекс, жасалма интеллект тууралуу мыйзам жактырылды.
Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:
- Өлкөнүн Президенти Касым-Жомарт Кемелевич
Токаев өзүнүн жылдык кайрылуусунда үч жылдын ичинде Казакстанды санариптик
мамлекетке айландыруу милдетин койду. Бүгүн каралган Санариптик кодекс бул
максатка жетүү үчүн укуктук негизди түзөт. Кодексте санариптик чөйрөнүн
объекттери жана субъекттери аныкталып, мамлекеттик башкаруунун укуктук
механизмдери белгиленген. Коопсуздук маселелери да көңүл сыртында калган жок.
Санариптик кодекстин кабыл алынышы бардык тармактарга заманбап технологияларды
киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Сенаторлор
бүгүн эң маанилүү Курулуш кодексин, ошондой эле жаңы редакциядагы «Банктар жана
банк ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамды карашты. Талкуунун жыйынтыгында сенаторлор
аларды концептуалдуу түрдө колдошту, бирок бир катар түзөтүүлөрдү киргизүү
сунушталды. Эки документ тең Мажилиске кайра иштеп чыгууга кайтарылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

