Кытай «Astana Ai Film Festival» фестивалынын расмий өнөктөшү болду

Кытай «Astana Ai Film Festival» фестивалынын расмий өнөктөшү болду

Кытай Astana AI Film Festivalдин расмий өнөктөшү болуп калды. Тиешелүү меморандум Бээжинде фестивалдын презентациясы жана AI-кино, телекөрсөтүү чөйрөсүндөгү инновациялык алмашуу боюнча Казакстан-Кытай форумунун алкагында кол коюлду. Кызматташтык бир нече багытты камтыйт: AI, AIGC технологиялары чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, илимий-фантастикалык контентти түзүү, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана тасмаларды эл аралык деңгээлде илгерилетүү. Документ фестивалдын дүйнөлүк макамын бекемдөөгө өбөлгө түзөт жана казакстандык авторлорго санариптик контенттин эң ири рынокторунун бирине жол ачат. Мындан тышкары, технологияларды алмашуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу өлкөнүн AI-киносун, креативдүү индустриясын өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп күтүлүүдө. Эске салсак, Astana AI Film Festival борбордо тогуздун айынын 1-3 күндөрү Astana AI Weekтин жумалыгынын алкагында өтөт.


Алмас Жали, Astana Ai Film Festival негиздөөчүлөрүнүн бири:


–  Эмне үчүн Кытай? Анткени бүгүнкү күндө бул өлкө жасалма интеллект жана AI-технологиялар тармагында дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат. Мындай кызматташтык Казакстанга алдыңкы чечимдерди колдонууга, тажрыйба алмашууга жана тармактын алдыңкы адистери менен иштөөгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, кытайлык технологияларды казак маданияты, чыгармачыл дарамети, идеялары жана өз алдынча иштелип чыккан нерселери менен бириктирүү дүйнөлүк рынокко чыга ала турган күчтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү өнүмдөрдү жаратууга алып келиши мүмкүн.


Которгон: Илгиз Жамалбеков