Казакстан менен Франция Иле-Балхаш бассейинин биргеликте изилдөөдө

Казакстан менен Франция Иле-Балхаш бассейнин комплекстүү изилдөө менен алектенет. Тараптар тиешелүү меморандумга жана үч тараптуу макулдашууга кол коюуга даяр. Суу жана ирригация министрлиги Франциянын өнүктүрүү агенттиги, ошондой эле геологиялык жана тоо-кен изилдөө бюросу менен биргеликте иш алып барат. Мындан тышкары, эки өлкө жер астындагы сууларды көзөмөлдөө жана чалгындоо боюнча кызматташат. Бул тууралуу суу ресурстары жана ирригация министри Франциянын Казакстандагы элчиси менен жолугушуу учурунда белгилүү болду. Белгилей кетсек, Казакстан менен Франция бештин айында чогуу өткөрө турган One Water саммитинде келишимдерди талкуулоого ниеттенүүдө.

Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:

– One Water саммитте биз Казакстандагы, ошондой эле Каспий деңизиндеги, Балхаштагы, Түндүк аралдагы суу сактагычтарды сактоо маселесин көтөрөбүз. Учурда биз Франциядагы кесиптештерибиз менен тыгыз байланыштабыз. Мамлекеттик сапар учурунда да биз бул өлкө менен биргеликте эки меморандумга кол коюуну пландап жатабыз. Бул келишимдер биздин өз ара пайдалуу кызматташуубузду улантууга чоң түрткү берет деп ойлойм.

Белгилей кетсек, француз компаниялары Казакстандагы суу сактагычтарды, каналдарды, дагы башка курулуштарды куруу жана реконструкциялоо долбоорлоруна катышууга кызыкдар. Суу ресурстарын башкаруу менен алектенген ишканалар да кызыгууну жаратат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков