Бириккен Улуттар Уюму жана Ислам Кызматташтык Уюму туруктуу биргелешкен максаттуу топ жана маалымат алмашуунун бирдиктүү системасын түзүүгө кызыкдар. Тараптар өз ниеттерин Казакстандын борборунда өткөн катчылыктарынын биргелешкен координациялык кеңешинин жыйынында билдиришти. Жыйында биргелешкен иш-чаралар дифференцияланып, келечекке багытталган жаңы демилгелер айтылды.
Ахмад Кавеса Сенгендо, ИКУ экономикалык маселелер боюнча баш катчысынын орун басары:
– Биз эки уюмга мүчө мамлекеттердин жалпы тынчтык жана дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү менен кызматташуусу, жакырчылык жана экстремизм менен күрөшүү жана адамзатты тынчсыздандырган башка актуалдуу маселелерди чечүү үчүн кандай чараларды көрүүгө болорун талкуулоо үчүн чогулдук. Биздин орток күн тартибибиз бар, биз өз ара пайдалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле бир катар багыттар боюнча реалдуу кызматташтыкты түзгөн эки уюмда тең тармактык институттар бар. Алар эки жылда бир жолугуп, жалпы кызыкчылыктарга жетишип, тынчтыкка жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү багытында бир катар биргелешкен долбоорлорду жана иш-аракеттер пландарын түзүшөт.
Эки уюм биригип, глобалдык сынга туруштук берүү үчүн жаңы ыкмаларды жана эффективдүү жолдорду табышы керек. Ошол эле учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу абдан маанилүү. Ошондуктан ири эл аралык түзүмдөрдүн тармактык институттары бул багыттагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Манафи Мутуало, АКИУ эл аралык мамилелер боюнча ага офицери:
– Бул документ эки уюмдун ортосундагы түзүлгөн кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө багытталган. Бул жаатта эки тараптуу тыгыз кызматташтыктын келечектеги кадамдарына багыт берүүчү так бекитилген документтин болушу максатка ылайыктуу. Эки уюмдун бул планын он өлкөдө биргелешип ишке ашыруу макулдашылды. Бул тизмеге Казакстан да кирет. Гамбия, Джибути, Сомали сыяктуу кээ бир өлкөлөр Африкада жайгашкан. Тажикстан да Борбор Азиядан кирди. Ошондой эле Ооганстанга байланыштуу биргелешкен долбоорлор ишке ашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков