Астана аэропорту
ири мультимодалдык хабга айланат. Борбор калаанын аэропортун өнүктүрүүнү
Бириккен Араб Эмираттарынын компаниясы менен биргеликте ишке ашыруу мерчемделип
жатат. Тиешелүү келишимге кол коюлду. Биринчи кезекте учуу-конуу тилкеси
реконструкцияга даярдалып, жакын арада жаңыртылат деп күтүлүүдө. Келерки жылы
аэропорттун инфраструктурасын капиталдык оңдоону баштоо көздөлүп жатат.
Кийинчерээк компанияга бир нече милдеттер жүктөлөт. Анын ичинде, оперативдүү
башкарууну, башкача айтканда жүргүнчүлөрдү ташуу, тейлөө жана аэропорттун ишин мындан
да натыйжалуу кылуу бар. Объектти өнүктүрүү боюнча комплекстүү бизнес-план
түзүлөт. Бул багытта көрүлгөн чараларды ишке ашырууда мамлекеттин да, жеке
компаниялардын да кызыкчылыгы эске алынып, биргелешкен иштер аткарылат. Өлкөнүн
Транспорт министрлигинин маалымдашынча, бул келечекте инвестиция агымына жол
ачат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков