Касым-Жомарт Токаев Кувейт эмирин улуттук Мамлекет күнү менен куттуктады. Телеграммада Казакстандын президенти Кувейтти жакынкы Чыгыштагы жана ислам дүйнөсүндөгү саясий,экономикалык жактан кадыр-барктуу өлкө деп эсептээрин белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы салттуу достукка жана өз ара колдоого негизделген көп кырдуу чөйрөдөгү кызматташтык мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн динамикалуу өнүгө берээрине ишенимин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

