БАЭге болгон иш сапарынын алкагында Касым-Жомарт Токаев Абу-Дабидеги ири араб компанияларынын жетекчилери менен кызматташуу маселелерин талкуулады. Анын ичинде Masdar компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрү Мухаммед Аль-Рамахи менен жолугушуу өткөрдү. Президент компаниянын өкүлдөрү менен биргеликте Жамбыл облусунда кубаттуулугу 1 ГВт шамал электр станциясынын курулушун ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилгенин билдирди. Тараптар санариптештирүү жаатындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.
Мамлекет башчысы мунайгаз, геологиялык
чалгындоо жана жасалма интеллект боюнча кызматташууну Abu Dhabi National Oil
Company башкы аткаруучу мүдүрү Халид Салмин менен талкуулады. Президент өлкө
аталган компания менен өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин
баса белгиледи.
Ал эми Abu Dhabi Ports Group башкы мүдүрү менен жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкууланып, транспорт-логистика тармагында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси каралды. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, бир катар ири долбоорлорду куруу пландары Казакстандын Каспий деңизиндеги порт жана деңиз инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча стратегиялык кызыкчылыктарына жооп берет. Мамлекет башчысы транспорттук инфраструктураны жана ташуу коридорлорун өнүктүрүү өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууда жана эл аралык сооданы активдештирүүдө өзгөчө роль ойной турганын баса белгиледи.
Нурлан Жакупов, «САМРУК-КАЗЫНА» АО
башкармалыгынын төрагасы:
- Abu Dhabi Ports дүйнөдөгү эң ири транспорттук-логистикалык компаниялардын бири болуп саналат жана Казакстанда биз аларды эки багыт боюнча көрүп жатабыз. Биринчи багыт-Каспий жана Кара деңиздердеги биргелешкен соода паркын башкарган Казмунайгаз багыты. Учурда алты деңиз кемеси башкарылууда. Быйыл биргелешкен флоттогу кемелердин санын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Экинчи багыт-Казакстан темир жолу компаниясы менен. Abu Dhabi Ports "Түндүк-Түштүк" кридору боюнча, ошондой эле орто коридор боюнча транпсорттук-логистикалык дараметти өнүктүрүү боюнча иш алып барат.
Бир катар жолугушууларды улантуу менен Казакстандын президенти жасалма интеллект жаатындагы серепчилер менен да баарлашты. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, өлкөдө AI алга жылдыруу үчүн бекем пайдубал түзүү үчүн олуттуу кадамдар жасалууда. Бул жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана колдоого тиешелүү. Өлкөдө AlemAIдын алдыңкы технологиялар борбору түзүлүп, ал эми Al-Sana билим берүү тармагында инновациялык программа сунушталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

