Астанада улуттук курултайдын жумушчу секцияларынын жыйыны өттү. Жыйында анын мүчөлөрүнүн демилгелеринин жана сунуштарынын аткарылышы каралды. Ошондой эле катышуучулар жарандык коомду өнүктүрүү жана биримдикти бекемдөө, адам укуктарын коргоо, маданий-руханий жактан өнүктүрүү, социалдык маселелерди чечүү жаатында ой бөлүштү. Буга кошумча, улуттук курултайдын төрагасынын орун басары – мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин институттун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары быйыл президенттин «Ana tili» гезитине берген интервьюсунда жана Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында сүйлөгөн сөзүндө аныкталганын белгиледи. Мындан тышкары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:
- Өткөн жылы эле 100дөн ашык мектеп курулуп, окумуштуулардын
жана мугалимдердин, жумушчу адистиктердин макамы өсүп келе жатат. Жаштар
чөйрөсүнө көңүл бурулуп, чыгармачыл чөйрө колдоого алынууда. Энергетикада, айыл
чарбасында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Мунун баары мамлекет менен коомдун
ортосундагы конструктивдүү диалогдун, сиздердин эмгегиңиздердин аркасында.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

