Премьер-министр ENI компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Премьер-министр ENI компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Казакстандын премьер-министри италиялык ENI компаниясынын геологиялык чалгындоо жана өндүрүү боюнча мүдүрү Лука Виньяти менен Карачаганак жана Кашаган кендеринде биргелешкен иштерди, ошондой эле, кайра жанма энергия булактарынын жаңы долбоорлорун ишке киргизүүнү талкуулады. Тараптар Карачаганакты кеңейтүү долбоорун системалуу түрдө ишке ашырууну белгилешти. Бүгүнкү күндө өндүрүштү жылына 11 миллион тонна деңгээлинде кармап туруу үчүн чийки газды кайра куюу үчүн кошумча компрессорлорду ишке киргизүү улантылууда. Кубаттуулугу 4 миллиард кубометр болгон газды кайра иштетүүчү заводду куруу долбоору да активдүү фазада. Кашаганды толук кандуу иштетүү боюнча иштер өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө. Альтернативдүү энергетика тармагында да ийгиликтүү кызматташтык бар. Атап айтканда, Актөбе облусунда шамал электр станциялары жана Түркестан облусунда күн электр станциялары ишке киргизилди. Планда гибриддик электр станциясын биргелешип куруу камтылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков