Казакстанда 3 миңден ашуун жаш инженерлер «Almaty Tech
Cup-2025» турниринде жолугушту. Белгилей
кетсек, 2014-жылдан бери Алматыда үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан турнир
Борбор Азия аймагындагы робототехника боюнча эң ири мелдеш болуп саналат. Роботехника
мелдешине Индия, Түркия, Монголия, Түркмөнстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан
келген 20га жакын чет элдик команда катышты. Быйылкы чемпионатта робототехника,
инженерия жана дрондор боюнча мелдештер өттү. Бул жарыштар суу ресурстарын жана
суу алдындагы дүйнөнү изилдөөнүн глобалдык маселесине арналды. Жеңүүчүлөр 4
категория боюнча 4 жаштан 18 жашка чейинки катышуучулар арасында аныкталды. Баш
байге-Алматы шаарынын акиминин кубогу. Жеңүүчүлөр өлкөнүн
алдыңкы ЖОЖнын билим гранттарына ээ болушат. Эң негизгиси, мыкты командаларга
АКШда өтө турган дүйнөлүк этапта өлкөнүн намысын коргоого мүмкүнчүлүк берилет.
Айханым Шамшадин, катышуучу, мектеп окуучусу:
- Бул жарышка даярдыгыбыз абдан жакшы. Анткени бардык
убактыбызды ушул жарыштарга жумшап жатабыз. Андан ары өзүмдүн алган билимимди
көрсөтүп, инженерия тармагында өнүгүүнү каалайм.
Нурлыбек Нуржанов, «USTEM FOUNDATION» коомдук фондунун долбоорлор
жетекчиси:
- Казак балдарынын дарамети, абалы өтө жогорку деңгээлде.
Анткени Казакстан бүгүнкү күнгө чейин «First Global Challenge» сынагында
дүйнөнүн үч жолку чемпиону. 2022-жылы Швейцариянын Женева шаарында өткөн
сынакта 180 өлкөнүн ичинен 1-орунду алды. 2023-жылы Сингапурда өткөн дүйнөлүк
сынакта Казакстан 191 өлкөнүн ичинен 1-орунду жеңсе, жакында 2024-жылы
Грециянын Афина шаарында 182 өлкөнүн ичинен 1-орунду алып, дүйнөлүк аренада
өзүнүн күчүн далилдеди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

