Президент
Касым-Жомарт Токаевдин Орусияга
болгон мамлекеттик сапарынын экинчи күнүнүн программасы Москвадагы Александров
багындагы «Белгисиз
жоокердин»
мемориалына гүл коюу аземи менен ачылды. Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин
оркестр Казакстандын мамлекеттик гимнин ойноду, ал эми ардактуу кароол расмий
делегациянын алдынан салтанаттуу марш менен өттү. Эскерте кетсек, Казакстандан
фронтко 1 миллион 200 миңден ашуун адам чакырылган, алардын жарымына жакыны
каза болгон. 500дөн ашуун казакстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына
татыктуу болгон.
Андан кийин мамлекет башчысы Орусия Федерациясынын
Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Касым-Жомарт
Токаев өзүнүн сапарын маанилүү окуя катары караарын, анткени ал өлкөлөр
ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди жаңы
деңгээлге чыгарарын баса белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Орусиянын президенти
Владимир Путин менен болгон жолугушуусу тууралуу таасирлери менен бөлүшүп,
баарлашуу эки сааттан ашык убакытка созулганын жана көптөгөн маселелер талкууланганын
белгиледи. Өз кезегинде Валентина Матвиенко Орусия Касым-Жомарт Токаевдин
мамлекеттик сапарына чоң маани берерин баса белгиледи.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Мен
парламенттик иштин, ар кайсы өлкөлөрдүн парламенттеринин ортосундагы
дипломатиянын маанисин жана маңызын түшүнөм. Чынында эле, азыркы сапар биздин
өз ара мамилелерибиздин тарыхында өзгөчө мааниге ээ. Анткени ал биздин
өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштык мамилелерди жаңы
деңгээлге чыгарат.
Валентина
Матвиенко, Орусия
федерациясынын федерация кеңешинин төрайымы
- Улуу
Даражалуу, урматтуу Президент! Сизди Федерация Кеңешинде – Орусия парламентинин Жогорку
Палатасында кабыл алуу биз үчүн чоң сыймык. Мен бардык сенаторлордун атынан Сизди,
Сиздин Жогорку Даражалуу делегацияңызды аймактар палатасында куттуктайм!
Которгон: Илгиз Жамалбеков

