Чжан Сяо ата мекендик ЖМКга интервью берди

Кытай мамлекет башчысынын иш сапарынын алдында КЭРнын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Чжан Сяо ата мекендик ЖМКга интервью берди.  Элчи эки өлкөнүн лидерлери талкуулай турган темаларды айтып өттү. Тараптар бул сапар стратегиялык өнөктөштүктү сапаттуу өнүктүрүүгө түрткү берерине ишенишет. Чжан Сяо эки өлкө ортосундагы визасыз саясаттын оң натыйжаларын белгиледи. Биринчи кезекте бизнес байланыштары чыңдалып, туризмге жол ачылды. Эки өлкөнүн соода байланыштары активдешти. Өткөн жылы эки мамлекеттин ортосундагы байланыштын көлөмү 41 миллиард АКШ долларына жетип, Кытай Казакстандын эң ири соода өнөктөшү болуп калды. Казакстан менен Кытайдын ортосундагы «Бир алкак – бир жол» долбоорунун да масштабы кеңири.

-«Коңшу өлкө катары Казакстан менен Кытайдын экономикалык байланыштарын жана кызматташтыгын өз ара чыңдоонун келечеги чоң. Акыркы жылдары тараптар өз ара кеңешүү, биргелешкен салым жана жалпы пайда принциптерин кармануу аркылуу «Бир алкак – бир жол» демилгеси алгач сунушталган жер катары Казакстандын өзгөчө макамы менен маанилүү ролун арттырды. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы энергетика, минералдык ресурстар, мунай жана газ, химия өнөр жайы, инфраструктура сыяктуу салттуу тармактарда кеңири масштабдуу кызматташтыкты тереңдетүүнү улантып келүүдө. Казакстан менен Кытай жаңы энергетика, жасалма интеллект, санариптик экономика жана заманбап айыл чарбасы сыяктуу өнүгүп келе жаткан тармактарда дараметин максималдуу түрдө колдонууда».

Которгон: Илгиз Жамалбеков