Президент CEPEJ жана IACA Эл аралык уюмдардын башчыларын кабыл алды

Президент CEPEJ жана IACA Эл аралык уюмдардын башчыларын кабыл алды

Казакстанда укуктук жана демократиялык принциптерге таянган мамлекетти түзүү процесси кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Сот адилеттигинин натыйжалуулугу боюнча Европа Комиссиясынын президенти менен жолугушууда билдирди.  Өз кезегинде Франческо Депаскуале адам укуктарынын жана сот адилеттигинин натыйжалуулугун камсыздоо маселелеринде кызматташууга даяр экендигин билдирип, Казакстанда бул жаатта жүргүзүлүп жаткан реформаларга оң баа берди. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев соттук администрациялардын эл аралык ассоциациясынын президенти менен жолугушту.  Тараптар сот органдары ортосундагы тыгыз кызматташуунун, сот адилеттиги системасын жаңылоо жана сот өндүрүшүн санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту. Луис Пальма Соттук администрациялардын эл аралык ассоциациясынын мүчөлөрү  өлкөнүн тажрыйбасын изилдеп чыгуулары зарыл экендигин айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков