Казакстан Азербайжан
жана Өзбекстан менен бирге Европага «жашыл» энергия сатууну көздөп жатат. Буга жетишүү үчүн өлкөлөр Каспий деңизинин
түбүнө жогорку вольттогу кабелди тарткысы келет. Ташкентте тараптар
республикалардын энергетикалык системаларын өз ара байланыштыруу боюнча
кызматташуу меморандумуна кол койду. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, документ өлкөлөр аталган
долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, өнөктөштүктүн
негизги шарттарын аныктайт. Айта кетсек, долбоорду ишке ашыруунун негизги
ыкмалары буга чейин макулдашылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков