Астанада Азиядагы өз ара
аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин штаб-квартирасы ачылды.
Уюмдун өкүлчүлүгүнүн ачылыш аземине Казакстандын Президенти катышты.
Касым-Жомарт Токаев менен АӨИЧКнын (Азиядагы
өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме) Башкы катчысы Кайрат
Сарыбай биргелешип жаңы башкы кеңсесинин эстелик тактасын ачышты. Андан соң
ардактуу кароол ротасы уюмдун
туусун салтанаттуу түрдө көтөрдү. Мамлекет башчысына жумушчу бөлмөлөр:
кабинеттер, open space-зона, котормочулардын кеңсеси, төрагалык залы, ошондой
эле музей-китеп бөлмөсү көрсөтүлдү. Президент Астанада АӨИЧКнын
штаб-квартирасынын ачылышы маанилүү жана тарыхый окуя экенин баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстан отуз жылдан
ашык убакыт мурда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча
кеңешмени түзүү демилгесин көтөргөн. Бул демилге эл аралык коомчулуктун кеңири
колдоосуна ээ болуп, аймагыбыздагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо
боюнча аракеттерди бириктирүү үчүн өз убагында жасалган кадам катары бааланды.
Биз ар дайым кызматташтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана диалогду өнүктүрүү, туруктуулукка жана
гүлдөп-өнүгүүгө жетүүгө мүмкүндүк берет деп ишенип келгенбиз. Азыркы шартта
АӨИЧКнын ишенимди бекемдөө принциби болуп көрбөгөндөй актуалдуу. Азиянын
дээрлик 90%ын камтып, дүйнө калкынын жарымынан көбүн түзгөн АӨИЧК эл аралык
мамилелердин өнүгүп жаткан архитектурасынын маанилүү элементи болуп саналат.
Касым-Жомарт Токаев
геосаясий чыңалуунун күчөшү жана көп тараптуулук принциптеринин алсырашы
аймактык жана глобалдык туруктуулук үчүн олуттуу чакырыктар экенин белгиледи.
Ошондой эле мамлекет башчысы Казакстан масштабдуу саясий жана экономикалык
реформаларды ырааттуу ишке ашырууга умтуларын кошумчалады. Президент энергетика, транспорт жана
санариптештирүү тармактарында инфраструктураны активдүү өнүктүрүү боюнча
өлкөнүн аракеттерине токтолду. Касым-Жомарт Токаев дагы бир стратегиялык багыт
катары айыл чарбасын модернизациялоону атады, ал экономикалык диверсификацияга
жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көмөктөшүүнү улантууда.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биз глобалдык нарк
чынжырларына толугу менен интеграцияланган климаттык жана туруктуу өнүгүү
максаттарына жооп берген туруктуу экономиканы куруп жатабыз. Биз узак мөөнөттүү
максаттарга жетүү үчүн эл аралык өнөктөштөрүбүз менен тыгыз кызматташууга
умтулабыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бул маанилүү стратегияны
ишке ашырууга дипломатиялык коомчулуктун өзгөчө ролун баса белгилегим келет.
Которгон: Назира Бегалиева

