Президент Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысын кабыл алды

Президент Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысын кабыл алды

Казакстандын президенти Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысын кабыл алды. Жолугушууда Касым-Жомарт Токаев Кубанычбек Өмүралиевди кызматка дайындалышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Уюм түрк элдеринин кызматташтыгын жана биримдигин чыңдоонун уникалдуу аянтчасы экенин жана анын ролу өсүп жатканын белгилеп өттү. Казакстан Уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири катары түрк мамлекеттери менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар жана катчылыктын ишине максималдуу колдоо көрсөтөрүн Касым-Жомарт Токаев кошумчалады. Мындан тышкары, анын алдында артыкчылыктарды жана демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу милдети турат. Айта кетсек, Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги 10-мааракелик саммити 2023-жылы Казакстанда өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков