Казакстан Кипр менен кылмыш-укуктук чөйрөдө эки тараптуу кызматташууга макулдашты

Казакстан Кипр менен кылмыш-укуктук чөйрөдө эки тараптуу кызматташууга макулдашты

Казакстан Кипр менен кылмыш-укуктук чөйрөдө эки тараптуу келишимге кол койду. Мажилис тараптардын компетенттүү органдарынын ортосунда жашырынып жүргөн адамдарды экстрадициялоо тартибин жөнгө салган келишимди кабыл алды. Документке ылайык, сот өкүмүн аткаруудан качкан адамдын аракети эки өлкөдө тең кылмыш катары эсептелиниши керек. Ошондой эле издөөдө жүргөн адам бир жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратылышы зарыл. Кошумчалай кетсек, бул келишимде убактылуу кармоо мөөнөтүн жана өткөрүп берүү тартибин аныктаган бир катар процессуалдык маселелер камтылган.

Асет Шындалиев, Башкы Прокурордун орун басары:
-
Кипр бизден өз аймагынан тышкары кылмыш жасаган адамды экстрадициялоону суранышы мүмкүн. Мындай шартта адам өткөрүлүп берилет. Бирок анын аракети биздин өлкөдө кылмыш катары таанылышы керек. Өлкөбүз түзгөн эл аралык келишимдер өзгөчө каралбаса, биздин Конституция жарандарыбызды чет мамлекетке которууга жол бербейт. Конституциянын бул талабы сунушталып жаткан келишимде эске алынган. Келишим боюнча биз жарандарыбызды бербейбиз. Мындан тышкары келишимде баш тартуу үчүн дагы 12 негиз каралган.

Азыркы учурда Казакстандын кылмыш иштери боюнча экстрадициялоо багытында башка өлкөлөр менен ушундай 21 келишими бар. Жалпысынан  өлкө кылмыш-укуктук чөйрөдө 34 мамлекет менен 73 эки тараптуу келишимге кол койгон. Анын ичинен 35 келишим Европанын 16 мамлекети менен түзүлгөн. Асет Шындалиев белгилегендей, мындай келишимдерди түзүү процессинде туризм, соода-экономикалык мамилелери өнүккөн өлкөлөргө артыкчылык берилет. Акыркы келишимди түзгөн Кипр менен учурда соода жүгүртүү 200 миллион долларды түзөт. 15 жылда аталган мамлекет Казакстандын  экономикасына 3 миллиард АКШ долларын түз инвестицияга салды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков