Касым-Жомарт
Токаев Өкмөт менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин
талкуулады. Мамлекет башчы өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрү, 7 ай ичиндеги
республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2025-2027-жылдарга карата бюджеттин
долбоорунун параметрлери жөнүндө баяндамаларды укту. Өкмөттүн орто мөөнөттүү
мезгилге карата божомолдору да айтылды. Алсак, кийинки жылы экономиканын 5,6%
деңгээлинде өсүшү жана инфляциянын 5,5-7,5%га
чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Мамлекет башчы министрлер кабинетине
макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү болжолдоонун жана мамлекеттик бюджеттин
сапатын жогорулатууну, ошондой эле мамлекеттик чыгымдарды приоритеттештирүүнүн
так механизмин киргизүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков