Астанада Казакстандын XI жарандык форуму өттү

Астанада Казакстандын XI жарандык форуму өттү

Астанада Казакстандын XI жарандык форуму өттү. Кеңири масштабдуу жыйынга 600дөн ашык катышуучу чогулду. Алардын арасында жарандык жана бейөкмөт уюмдардын активисттери, түрдүү коомдук кеңештердин төрагалары жана мамлекеттик органдардын, бизнестин, аймактык жана республикалык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү бар. Катышуучулар эки күн бою актуалдуу маселелерди талкууга алышты. Атап айтканда, сапаттуу билим берүү, гендердик теңчилик, өз алдынча башкаруу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү, адам укуктарын коргоо маселелери ортого салынды. Катышуучулар жарандык сектордун толук кандуу жана өз ара пайдалуу өнөктөшү катары мамлекеттин ролу менен милдеттерин аныктоо негизги маселе экенин белгилешти.

Бану Нургазиева, Казакстандын жарандык альянсынын президенти:
- Ынтымактуу болсок гана чыныгы бактылуу, адилеттүү мамлекетти түзө алабыз. Бул ар бир жарандын тилеги. Биздин жыргалчылыгыбыз мына ушул достукка түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан биримдикти сактоо зарыл. Билим берүүнүн сапатын, жашоо деңгээлин жогорулатуу сыяктуу социалдык маселелер баарыбыз үчүн маанилүү.

Жанна Жибраева, Абай облусунун «Үй-бүлө борбору» коомдук фондунун президенти:
- Жарандык сектор менен жолугушуулар министрлердин жана вице-министрлердин деңгээлинде такай өткөрүлүп турат. Ал жерде биздин ишибиз менен жакындан таанышып, актуалдуу маселелер каралат, пикирлерибизди угат. Бул абдан туура. Бул демократиялык жолдогу кадыресе көрүнүш.

Белгилей кетсек, активисттер менен ыктыярчылардын бардык сунуштары Казакстанда жарандык коомду өнүктүрүү концепциясын ишке ашырууга багытталган бирдиктүү улуттук планга киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков