Мамлекет башчысы Астана акимин кабыл алды

Мамлекет башчысы Астана акимин кабыл алды

Астанада инвестициянын көлөмү өсүүдө. 9 ай ичинде бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 16% га өсүп, 1 трлн 140 млрд теңгени түздү. Борбор калаанын акими Президентке өлкөнүн башкы шаарынын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди. Женис Касымбек жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу да айтып, Астанада өткөн жылы «Түштүк – Чыгыш» газ жылуулук станциясы жана ЖЭБ-3 менен «Туран» станцияларынын алгачкы этаптары ишке киргизилгендигинин аркасында жылуулук профицити камсыздалды. Жылдын акырына чейин экинчи кезекти тапшыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, «Тельман» станциясынын курулушу жана ушуга окшош «Түштүк-Батыш» объектисин долбоорлоо башталды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Касым-Жомарт Токаев борбордун инфраструктурасын мындан ары модернизациялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков