Казакстан
чет элдик ЖМК-нын көзү менен.
Чет элдик журналисттер жана блогерлер Казакстан тууралуу өз иштерин көрсөтө
алышат. Темалардын диапазону эл аралык мамилелерге, инвестициялык дараметке, ошондой эле тарыхка,
маданиятка, туризмге байланыштуу болушу мүмкүн. Республикада 9-эл аралык
сынакка билдирмелерди кабыл алуу башталды. «Казакстан чет элдик ЖМК-нын көзү менен» өлкөнүн Тышкы иштер
министрлигинин башкы редакторлор клубу менен биргеликте өткөрөт. Быйыл Азиядагы өз ара кызматташтык
жана ишеним чаралары кеңешинин катчылыгы, «Казак туризми», «Kazakh Tourism», Улуттук спорттун
түрлөрү ассоциациясы жана «Jibek Joly» телеканалы сынактын өнөктөшү аталды. Белгилей кетсек, 2023-жылдын баш оона айынын 1-нен
тарта сынакка катышуу үчүн жыл бою чет элдик ЖМК-ларда же социалдык тармактарда
жарыяланган маалыматтык материалдарды камтыган азырдар кабыл алынат. Түндүк жана
Түштүк Американын, Европанын, КМШ-нын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын, ошондой
эле Азия-Тынч океан аймагынын жеңүүчүлөрүн Казакстандын шаарларында масштабдуу
маданий жана экскурсиялык программа күтүүдө. Катышууга арызды Тышкы иштер
министрлигинин сайтынан табууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков