Казакстандын президенти Вашингтондо өткөн Тынчтык кеңешинин инаугурациялык отурумуна катышты

Казакстандын президенти Вашингтондо өткөн Тынчтык кеңешинин инаугурациялык отурумуна катышты

Касым-Жомарт Токаев Вашингтондо өткөн Тынчтык кеңешинин алгачкы отурумуна катышты. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бул тарыхый иш-чараны уюштурганы үчүн АКШ Президенти Дональд Трампка ыраазычылык билдирди. Касым-Жомарт Токаев Тынчтык кеңеши көп тараптуу күч-аракеттин дараметин арттыра турган, заман талабына ылайык уюм деп эсептейт. Анын айтымында, бирге күч-аракет жумшоонун аркасында жаңычыл түшүнүктү ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүк бар. Президент Казакстан Газа секторундагы абалды турукташтырып, аймакты калыбына келтирүү иштерине көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Казакстан аймакты калыбына келтирүү жана курулуш иштерине катышууга ниеттенип, ишкердик, кесиптик бедели жогору деңгээлдеги эл аралык компанияларды тартууда. Дүйнөдөгү эң ири буудай өндүрүүчүлөрдүн бири болгон өлкөбүз Газа жана андан тышкары жерлердеги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр. Казакстан палестиналык студенттердин университеттерибизде билим алуусу үчүн беш жыл бою 500дөн ашык окуу грантын бөлүүдө. Биз эл аралык деңгээлде таанылган электрондук өкмөт тармагындагы тажрыйбабыз жана башка дагы санариптик чечимдерибиз менен бөлүшө алабыз. Казакстан Эл аралык турукташтыруу күчтөрүн колдоого даяр.

Мамлекет башчысы Жакынкы Чыгыштын туруктуу өнүгүүсү аймакта тынчтыкты илгерилетүүгө жана ишенимди бекемдөөгө багытталган кызматташтыктын жаңы механизмдерин талап кыларын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев бул ишенимди жетекчиликке алып, Казакстан Авраам келишимдерине кошулуу чечимин кабыл алганын билдирди. Ошондой эле Президент өлкөдө ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү аркылуу Кеңештин демилгелерине конкреттүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Ошондой эле Тынчтык кеңешинин алкагында Президент Трамптын атындагы атайын сыйлыкты бекитүүнү сунуштайм. Бул – анын тынчтыкты илгерилетүү ишиндеги зор жетишкендиктерине көрсөткөн урмат-сыйыбыз болмокчу. Сиздин теңдөөчү жана көрөгөч жетекчилигиңиз менен Кеңеш өзүнүн тарыхый изги миссиясын аброй менен аткараарына ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков