Казакстандын бир катар аймагында суу ташкынына каршы иш-чаралар уланууда. Учурда Атырау, Актөбе, Батыш Казакстан жана
Түндүк Казакстан облустарында табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат. Орал шаарында Жайык дарыясындагы суунун деңгээли акырындап азайып баратканы байкалат. Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда үйлөрдү суу каптаган бир
дагы
окуя катталган жок.
Аскар Шарип, ӨКМнин өкүлү:
- Ушул саатка карата республика боюнча 31 миң 112 адам үйлөрүнө кайтты. 8566 адам, анын ичинде 3718 бала эвакуациялоо борборлоруна жайгаштырылды. 5 миң 677 турак жайдан жана 2 миң 584 короо-жайдан суунун багыты өзгөртүлүп, суу сорулду. 11,7 миллион чарчы метрден ашык эриген кар суусу чыгарылып, 5,5 миллион кап, 1,5 миллион тоннадан ашык инерттик материал төшөлдү. Тынымсыз байланыш номуруна 2205 чалуу келип түштү. Авариялык-куткаруу жана суу ташкынына каршы иштерге 32 миңден ашык адам, 4 миңге жакын техника, 773 суу соргуч куралы, 294 сүзүү жабдыгы, 13 аба кемеси тартылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков