К.Токаевге Gitex Ai Central Asia & Caucasus көргөзмөсүндөгү AI чечимдери тааныштырылды

К.Токаевге Gitex Ai Central Asia & Caucasus көргөзмөсүндөгү AI чечимдери тааныштырылды

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев «GITEX AI Central Asia & Caucasus» эл аралык технологиялык көргөзмөсүнө барды. Мында Президент «Al-Farabium» суперкомпьютеринин мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Учурда анын базасында ондогон долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири — «Казактелекомдун» байланыш борборундагы жасалма интеллект ассистенти. Ал кардарлардын кайрылууларын иштеп чыгып, алдамчыларды аныктайт жана маалыматты антифрод-борборуна өткөрүп, жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Президентке банк тутумундагы санариптик активдер экосистемасы, криптохаб инфраструктурасын өнүктүрүү жана Казакстан фондулук биржасынын базасында токендерди чыгаруу боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле транспорт жана логистика тармагындагы санариптик чечимдер — бажы көзөмөлүн оптималдаштыруучу «KEDEN» жана логистикалык кызматтардын бирдиктүү терезеси болгон «SmartCargo» тутумдары тааныштырылды. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Алматынын IT-экосистемасы жана билим берүү, коопсуздук, шаарды башкаруу тармактарына киргизилип жаткан санариптик чечимдер менен таанышты. Президентке Борбордук Азиядагы алгачкы балдар илимий музейи да көрсөтүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков