Өлкөнүн экономикасы Эл аралык валюта Фондунан оң баа алды. Бул тууралуу Премьер-министр Олжас Бектеновдун Эл аралык валюта фондунун Казакстан боюнча миссиясынын башчысы Амина Лареш менен жолугушуусунда белгилүү болду. Анын айтымында, республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн динамикасы натыйжалуу реформалар менен байланыштуу. Ал кайра иштетүү өнөр жайынын, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн, транспорттун жана курулуштун өсүшүн белгиледи. Ошондой эле, анын айтымында, Казакстанда инфляциянын акырындык менен төмөндөшү жана салыктык башкаруунун жакшырышы байкалууда. Амина Лареш кабыл алынып жаткан чаралар Казакстандын экономикасынын туруктуулугун жана стабилдүүлүгүн сактоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

