М. Ашимбаев иш сапары менен Португалияга келди

М. Ашимбаев иш сапары менен Португалияга келди

Казакстан Португалия менен парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнү көздөөдө. Бул багыттагы кызматташтыктын келечектери жана келерки жылдагы биргелешкен иштин милдеттери Сенаттын Төрагасынын аталган Республиканын Ассамблеясынын Төрагасы менен өлкөгө жасаган сапарынын жүрүшүндө талкууланды. Маулен Ашимбаев Португалиянын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана парламенттик көзөмөлгө укуктук жактан колдоо көрсөтүү тажрыйбасына кызыкдар экенин белгиледи. Өз кезегинде Жозе Педро Агиар-Бранко көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, Казакстанда жүрүп жаткан саясий трансформациянын натыйжалуулугун белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да талкуулашты. Атап айтканда, жашыл экономика, инфраструктура, транспорт-логистика, айыл чарба жана илимий-техникалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылды. Белгилей кетсек, Португалияга сапарынын алкагында Казакстан делегациясынын мүчөлөрү БУУнун Цивилизациялар альянсынын Глобалдык форумунун ишине катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков