Бүгүн Акордада тынчтык мезгилинин баатырларына сый-урмат
көрсөтүлдү. Казакстандын президенти куткаруучуларды кесиптик майрамы менен
куттуктады. Ал өлкөнүн коопсуздугу жана казак элинин бакубаттуулугу үчүн
алардын ишинин стратегиялык маанисин баса белгилеп, бул миссия ардактуу да,
жооптуу да экенин билдирди. Ал республика акыркы жылдардагы табигый
кырсыктардын эң оор жүгүн куткаруучулар көтөргөндүгүн эске салды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
- Өзгөчө кырдаалдар болгон
аймактарга барып, сиздердин чыныгы эрдик эмгегиңиздерге өз көзүм менен күбө
болдум. Ошондуктан жарандык коргонуу адистеринин жогорку кесипкөйлүгүнүн жана
күжүрмөн эмгегинин аркасында биз бардык кыйынчылыктарды бирге жеңе алдык деп
ишенимдүү айта алам. Жалпысынан ӨКМнын кызматкерлери акыркы беш жылда болжол менен
225 000 адамдын өмүрүн сактап калышты. Чет өлкөлөрдөгү гуманитардык миссияларга
да катышып, өздөрүнүн жогорку профессионалдуулугун дагы бир жолу көрсөтүштү. Муну
менен алар өлкөбүздүн эл аралык аброюн көтөрүүгө салым кошушту.
Касым-Жомарт Токаев мамлекеттин жарандык коргонууну чыңдоого умтулуусун баса белгиледи. Мындан беш жыл мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайра түзүлүп, тармакты каржылоо 2,5 эсеге көбөйтүлүп, материалдык-техникалык ресурстары кеңейтилген. Куткаруучулардын айлык акысы да дээрлик 80%га жогорулады. Президент ошондой эле санариптик технологияларды ишке киргизүү, куткаруу кызматтарын координациялоо жана коомчулук менен кызматташуу боюнча максаттарды койду. Иш-чаранын соңунда Касым-Жомарт Токаев кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана берилгендиги үчүн 30 казакстандыкка мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

