Президент Изабель Дюмонду кабыл алды

Президент Изабель Дюмонду кабыл алды

Бул тууралуу Эммануэль Макрондун атайын өкүлү Изабель Дюмон президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда билдирди. Мартабалуу мейман француз тарап Казакстан менен мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Жолугушууда негизги көңүл эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө бурулду. Өз кезегинде мамлекет башчысы Франция Казакстандын алдыңкы саясий жана экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Айта кетсек, 2008-жылы бешинчи республика Евробиримдик өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койгон алгачкы мамлекет болгон.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Бул сапар экономикалык жана саясий кызматташтыкка жаңы дем берет деп ишенем. Эки өлкөнүн ортосунда аткарылышы керек болгон көптөгөн келишимдер бар. Казакстанда француз капиталдын үлүшү менен 170 ишкана иштеп, алдыңкы компаниялар кызмат кылат. Биздин экономикада француздук ишканалардын иш-аракетине толук колдоо көрсөтүлөт.

Изабель Дюмон, Франция президентинин атайын өкүлү:

- Сизге Президентибиздин саламын жеткиргим келет. Мен анын өткөн жылдын жетинин айынын аягында Парижде болгон жолугушууңуз жөнүндө абдан жакшы ойдо экенин билем. Бул биз үчүн абдан маанилүү учур жана аймакта болуп жаткан окуяларга сиздин көз карашыңызды угуу маанилүү. Сиздин сапарыңыз эки өлкөнүн кызматташтыгына жаңы дем берди. Биз стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн негизинде мындай кызматташтыкты улантууну каалайбыз. Бул биз үчүн абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков