Жаңы
долбоорлор жана критикалык маанилүү минералдар чөйрөсүндөгү инвестициялар. Бул
маселелерди Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен Сауд Арабиянын өнөр жай жана минералдык
ресурстар министри Бандар Аль-Хураиф жолугушууда талкуулашты. Тараптар тоо-кен
металлургия тармагында биргелешкен иштерге, тактап айтканда, геологиялык
чалгындоодон жана чийки затты казып
алуудан баштап, терең иштетүүгө жана жогорку кошумча нарктуу өндүрүштөрдү
түзүүгө көңүл бурушту. Белгилей кетсек, Сауд Арабия Жакынкы Чыгышта
Казакстандын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Өткөн
жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода 17% өсүп, 12
миллион долларга жетти. Оң динамика быйыл да сакталууда – 4 айдын ичинде товар
жүгүртүү дээрлик үч эсеге көбөйдү. Бирдин
айында кол коюлган инвестицияларды өз ара жайылтуу
жана коргоо, ошондой эле Казакстан-Сауд координациялык кеңешин түзүү жөнүндөгү
келишимдер эки тараптуу кызматташтыкка кошумча түрткү бериши керек, деп
белгилешти жолугушуунун катышуучулары. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар
өнөр жай чөйрөсүндөгү өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экендигин тастыкташты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

