Казакстанда тоо лыжа туризмин өнүктүрүү боюнча almaty superski мастер-планы бекиди

Казакстанда тоо лыжа туризмин өнүктүрүү боюнча almaty superski мастер-планы бекиди

Алматы кышкы туризмдин борбору болот. Бул үчүн Pas Grau International компаниясы менен биргеликте мастер-план иштелип чыкты. Kazakh Tourism development мудүрлөр кеңешинин жыйынында республиканын премьер-министринин катышуусунда Almaty Superski долбоорун ишке ашыруу маселеси каралды. Ага дүйнөнүн 120дан ашык курортунун мыкты тажрыйбалары кирген. Бул тоо лыжа жабдууларын өндүрүүдө заманбап технологияларды колдонуу, климаттык жана рельефтик шарттарды талдоо үчүн спутниктик маалыматтар, «жашыл» стандарттарды киргизүү. PGI компаниясынын президенти Жоан Виладомат белгилегендей, мегаполистин жанындагы тандалган аймак туристтердин туруктуу агымын камсыздайт жана курортко аймакта алдыңкы орундарды ээлөөгө мүмкүндүк берет. Өкмөт башчы курулуш учурунда айлана-чөйрөгө минималдуу таасир этүү менен экологиялык нормаларды сактоо зарылдыгын баса белгиледи. Белгилей кетсек, бекитилген мастер-план техникалык-экономикалык негиздемени жана долбоордук-сметалык документтерди даярдоого негиз болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков