Бүгүн
Акордада
Казакстандын Президентине
ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Касым-Жомарт Токаевге Грециянын
жана Португалиянын элчилери ишеним грамоталарын тапшырды. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө
Мамлекет башчысы Казакстан тышкы саясатта тынчтыкты гана көздөөрүн баса
белгиледи. Анын айтымында, дүйнөдөгү
бардык көйгөйлүү маселелер дипломатиялык жол менен
чечилиши керек. Казакстандын Президенти Грециянын жана Португалиянын мамлекет башчыларына
жана өкмөттөрүнө салам жолдоп, аларды Астанага сапар менен келүүгө чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

