Казакстанда Грейг жоогазыны гүлдөдү

Казакстанда Грейг жоогазыны гүлдөдү

Казакстандын түштүгү да чет элдик туристтер үчүн эң тартымдуу аймактардын бири. Саякатчылар Жамбыл, Түркестан жана Кызылорда облустарына жоогазын гүлдөрүн көрүү үчүн атайын келет. Өлкө аймагында бул кооз өсүмдүктүн 35 түрү тамыр жайган. Алардын 18и Кызыл китепке киргизилген. Белгилей кетсек, жоогазындын көпчүлүк түрү жапайы сорт. Мисалы, өлкөнүн түштүгүндө талаа гүлдөрүнүн Кауфман, Регель, Грейг түрлөрү кеңири таралган. Акыркысы жоогазындардын падышасы деп да аталып кеткен. Чын куран айынын башында гүлдөп, кулжа айына чейин жайкалып турган бул сорт бийик болбосо да, көздүн жоосун алат. Грейг голландиялыктарды да таң калтырат.

 

Алмас Толыкбаев, Шымкент шаарынын тургуну:

- Менин досторум менен тааныштарым башка шаарлардан келип жатышат. Гүлдүү талааны көрүү үчүн Алматыдан досторум келди. Эми мына Астанадан келип жатат. Мен бүгүн бул жерге атайын жалгыз өзүм келдим. Багытты толугу менен изилдеп, геолокация боюнча кандай келүүгө болорун да аныктап көрмөкмүн.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков